> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/27/kaisyl-oblusta-zhe-shaarda-ishtep-zhatkan-ishkanalar-sany-kop/
- Published: 2026-04-27T07:40:56.000Z
- Updated: 2026-04-27T10:49:22.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстан аймагында иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактар) саны 823,5 миңди түзгөнү расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн.**

2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,2%га көбөйгөн.

Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

- Баткен облусу — 77,3 миң (өткөн жылга салыштырмалуу 102,9%; үлүшү — 9,4%)
- Жалал-Абад облусу — 140,2 миң (100,3%; 17,0%)
- Ысык-Көл облусу — 69,6 миң (99,6%; 8,5%)
- Нарын облусу — 60 миң (100,6%; 7,3%)
- Ош облусу — 192,4 миң (97,2%; 23,4%)
- Талас облусу — 42,1 миң (102,1%; 5,1%)
- Чүй облусу — 123,9 миң (92,3%; 15,0%)
- Бишкек шаары — 81,6 миң (127,6%; 9,9%)
- Ош шаары — 36,4 миң (152,6%; 4,4%)

Иштеп жаткан субъекттердин эң чоң үлүшү Ош облусуна туура келет — 23,4%, ал эми эң аз үлүш Талас облусунда — 5,1%.

Ошол эле учурда эң жогорку өсүш Бишкек шаарында (127,6%) жана Ош шаарында (152,6%) катталган.