> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/27/kytai-investitsiialary-2-1-mlrd-dollarga-cheiin-ostu-eaob/
- Published: 2026-04-27T10:10:47.000Z
- Updated: 2026-04-27T10:10:46.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика

**2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 2016-жылдагы 826 млн доллардан 2,1 млрд долларга чейин өскөнү ЕАӨБ даярдаган "Кытай жана Евразия аймагы: инвестициялык агымдарды талдоо" аттуу баяндамада айтылат.**

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан азыр Борбор Азиядагы Кытай инвестицияларынын 5,8%ын алат (2016-жылы — 4,2%). 2022-жылдан бери инвестициялардын жалпы көлөмү дээрлик 1,8 эсеге көбөйгөн.

***Кытай инвестициялары негизинен төмөнкү тармактарга багытталган:***

- кен казуу тармагы — 34% же 722 млн доллар;
- кайра иштетүү өнөр жайы — 37% же 780 млн доллар;

Акыркы жылдардагы негизги долбоорлордун бири — Балыкчы шаарында, Ысык-Көл жээгинде күн электр станциясын куруу.

Ошондой эле стратегиялык маанидеги ири долбоор катары Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленген. 

***Мындан тышкары, келечектүү долбоорлор катары төмөнкүлөр белгиленет:***

- Ош облусунда Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology компаниясынын көмүр логистикалык борборун түзүү;
- Бишкекте Hunan Junxin Environmental Protection компаниясынын катышуусунда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу.