> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/27/mamleket-bilim-beruu-tarmagyn-aktivduu-investitsiialai-bashtady-d-kendirbaeva/
- Published: 2026-04-27T13:00:39.000Z
- Updated: 2026-04-27T13:00:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева өлкөнүн PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтыктары мурдагы жылдарга караганда жакшыраак болот деп эсептейт.**

Анын айтымында, бул изилдөөнү өткөргөн ОЭСР азырынча жыйынтыктарды жарыялай элек.

Министр белгилегендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар натыйжалуу болуп, өсүү көрсөткүчтөрү байкалууда.

Ошол эле учурда ал чоң секирик күтпөө керектигин айтты. Себеби мамлекет билим берүү тармагына системалуу жана активдүү инвестицияларды акыркы эки жылдан бери гана салып баштады. Мурда каржылоо үзгүлтүк болгону менен бирде айлыкка, бирде окуу китептерине бөлүнүп келген болсо, азыр система комплекстүү түрдө өнүктүрүлүүдө.

Анын пикиринде, билим берүү реформаларынын орто мөөнөттүү жыйынтыктары 15 жылдан кийин гана байкалышы мүмкүн. "Билим берүү — бул завод же курулуш эмес, жыйынтык узак убакытта чыгат", — деди министр.

---

Кыргызстан PISA-2009 жана 2006-жылдагы изилдөөлөргө катышып, эки учурда тең акыркы орундарды ээлеген. 2009-жылдагы жыйынтыктар боюнча окуучулардын басымдуу бөлүгү окуу, математика жана табигый илимдер боюнча минималдуу деңгээлге жеткен эмес. PISA-2025 изилдөөсүнүн жыйынтыктары 2026-жылдын күз айларында жарыяланары күтүлүүдө.