> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мугалимдерге кошумча төлөмдөр берилет, бирок эмгек өргүүнүн акчасы көбөйбөйт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/27/mugalimderge-koshumcha-tolomdor-berilet-birok-emgek-orguunun-akchasy-koboiboit/
- Published: 2026-04-27T05:32:40.000Z
- Updated: 2026-04-27T05:32:39.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Президенттик фонддон мугалимдердин айлыгына кошулуучу кошумча төлөм эсептөөгө киргизилбейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.**

> Анын айтымында, кошумча төлөм мугалимдер үчүн 15 миң сомду, ал эми техникалык кызматкерлер үчүн 5 миң сомду түзөт. Бул төлөм бир гана ставка үчүн берилет: эгер мугалим 1,5 ставкада иштесе да, ага баары бир 15 миң сом төлөнөт. Кошумча акча окуу жылындагы иш мезгилинде гана — 10 ай бою берилет.

Эмгек өргүүсүнүн акчасын жана айлыкка байланыштуу башка жөлөкпулдарды эсептегенде бул кошумча төлөм эске алынбайт. Андан 10% өлчөмүндө киреше салыгы кармалат, бирок башка кармоолор жүргүзүлбөйт.