> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/27/okuuchulary-olimpiada-zhengen-mugalimge-500-min-somgo-cheiin-syilyktar-berilet/
- Published: 2026-04-27T12:10:18.000Z
- Updated: 2026-04-27T12:10:17.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Кыргызстанда окуучулары эл аралык олимпиадалардагы жеңишке жетишкен мугалимдерге 500 миң сомго чейин бир жолку сыйлык берилерин Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.**

Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин мугалимдери окуучуларды эл аралык олимпиадаларга даярдап, алар байгелүү орундарга ээ болсо, бир жолку акчалай сыйлык алышат:

- 1-орун үчүн — 500 000 сом;
- 2-орун үчүн — 300 000 сом;
- 3-орун үчүн — 200 000 сом.

Бул төлөмдөр мугалимдерди шыктандыруу жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында каралган.