> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/28/kyrgyzstanda-tarykhyi-madanii-estelikterdi-pasporttoshturuuga-13-6-mln-som-zhumshalat/
- Published: 2026-04-28T07:55:42.000Z
- Updated: 2026-04-28T07:55:41.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтерди, ошондой эле Чүй жана Баткен облустарындагы археологиялык эстеликтерди паспортизациялоо боюнча тендер жарыялады.**

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы билдирүүгө ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз.

***Пландалган сумма 13 млн 681 миң 900 сомду түзөт.***

Төмөнкү лоттор жарыяланган:

> Чүй облусундагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтерди жана археологиялык эстеликтерди паспортизациялоо — 7 млн 840 миң 304 сом

> Баткен облусундагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтерди жана археологиялык эстеликтерди паспортизациялоо — 5 млн 841 миң 596 сом

Иштерди аткаруу мөөнөтү — 2026-жылдын 1-декабрына чейин.

Катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 20-майы саат 14:00гө чейин кабыл алынат.