> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция деңгээли 3,9%ды түздү – А.Козубеков
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/28/zhyl-bashynan-beri-kyrgyzstanda-infliatsiia-dengeeli-3-9-dy-tuzdu-a-kozubekov/
- Published: 2026-04-28T06:45:17.000Z
- Updated: 2026-04-28T06:45:17.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Банктар

**2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 3,9%ды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.**

Анын айтымында, инфляциянын өсүшү Кыргызстанда гана эмес, аймактагы өлкөлөрдө жана негизги соода өнөктөштөрдө да байкалууда. 

"Ошол эле учурда өлкөдөгү инфляциялык божомолдор салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул көбүнчө катаал акча-кредиттик шарттар жана валюта рыногундагы туруктуу абал менен камсыз кылынууда", - деди ал.

> Козубеков ошондой эле Улуттук банк 2025-жылы эсептик ченди үч жолу - 9%дан 11%га чейин көтөргөнүн эске салды. 2026-жылы чен 12%га чейин жогорулатылган. Мындай чаралар инфляцияны ооздуктоого жана орто мөөнөттүү келечекте максаттуу деңгээлди 5-7%дын чегинде кармоого багытталган.

"Улуттук банк баалардын жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн монетардык инструменттердин жардамы менен экономикадагы акча сунушун жана ликвиддүүлүктү жөнгө салууну улантууда", - деп баса белгиледи ал.