> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутат окуучулардын тамактануусун 50 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/29/deputat-okuuchulardyn-tamaktanuusun-50-somgo-cheiin-kotoruunu-sunushtady/
- Published: 2026-04-29T08:20:39.000Z
- Updated: 2026-04-29T08:20:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Махабат Мавлянова Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстанда мектеп тамактануусун каржылоону көбөйтүү жана тендерлерге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн катышуусун камсыз кылуу зарылдыгын айтты.**

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, өлкө калкынын 26%ы жакырчылыкта жашайт, ал эми 41%ы жетиштүү жана толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок.

> Депутат учурда 4-класска чейин окуучулардын ысык тамагына 14 сомго жакын каражат бөлүнөрүн, бул арзан жана сапаты төмөн азык-түлүктүн жеткирилишине алып келип жатканын белгиледи.

> Ал каржылоону 50 сомго чейин көтөрүүнү жана жергиликтүү фермерлер менен органикалык продукция өндүрүүчүлөрдүн тендерлерге катышуусу үчүн шарт түзүүнү сунуштады.