> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб Баткен облусундагы алтын жана сурьма кендерин иштетүү боюнча инвесторду өзгөрттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/29/minkab-batken-oblusundagy-altyn-zhana-surma-kenderin-ishtetuu-boiuncha-investordu-ozgorttu/
- Published: 2026-04-29T05:47:15.000Z
- Updated: 2026-04-29T05:47:14.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинети "Кыргызполиметалл" ЖЧКсына "Нурлау" жана "Шаркыратма-Караканыш" сурьма жана алтын кендерин пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча LongShao Group менен кызматташууну карап чыгуу сунушун берди.**

Тиешелүү №262-т буйрукка 2026-жылдын 18-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Документ 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъект болгон "Кыргызполиметалл" ЖЧКсынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында инвестиция тартуу максатында кабыл алынган.

> Ушул эле буйрук менен Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы №79-т мурдагы буйругу күчүн жоготту деп табылды. Анда "Кыргызполиметаллга" ушул эле кендер боюнча Thirty Five Investment Holding компаниясы менен кызматташуу сунушталган.

Ошентип, Министрлер Кабинети "Нурлау" жана "Шаркыратма-Караканыш" кендери боюнча потенциалдуу өнөктөштү өзгөрттү.

Thirty Five Investment Holding — Катардагы Доха шаарында жайгашкан үй-бүлөлүк инвестициялык топ болуп саналат. Анын негизги эл аралык борборлору Лондон, Сингапур, Гонконг жана Стамбул шаарларында жайгашкан.

> Топтун негизги ишмердүүлүгү тоо-кен тармагына жана стратегиялык ресурстарга багытталган. Компания кобальт, никель, литий, тантал-ниобий сыяктуу глобалдык энергетикалык өтүүгө жана келечек индустрияларына негиз болгон маанилүү минералдар боюнча ири позицияларды түзөт.

Ачык булактарда LongShao Group тууралуу ишенимдүү коомдук маалымат табылган жок.

> МинКаб 2026-жылдын 16-январындагы буйругуна ылайык, компанияга Баткен районунда жайгашкан "Нурлау" аянтында сурьма жана алтын казууга уруксат берилген.

> Мындан тышкары, "Кыргызполиметалл" "Шаркаратма-Караканыш" участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Кыргызполиметалл" ЖЧКсынын жетекчиси Дөөлөталы Памиров, ал эми негиздөөчүсү — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик.

2020-жылы "Нурлау" кенинде сурьманы чалгындоо лицензиясы "Баткен Тоо Кен" ЖЧКсына таандык болгон. Кен Ак-Сай жана Дарыин айыл аймактарында жайгашкан.