> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда январь айында алтын экспорту 3,8 эсеге азайган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/30/ak-tilek-otkoruu-punktunda-1-mln-somduk-myizamsyz-tovar-anyktaldy/
- Published: 2026-04-30T11:49:32.000Z
- Updated: 2026-04-30T12:07:02.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика

**Кыргызстан 2026-жылдын январь айында алтын экспортунан 16,2 млн доллар киреше тапты. Мындай тыянакты Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде чыгарууга болот.**

> Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылдын январында өлкө дээрлик 99 кг алтын саткан, бирок февраль айында жеткирүүлөр толугу менен токтотулган. Ушундай эле тыныгуу 2025-жылдын февраль айында да байкалган.

> Жылдык салыштырууда январь айындагы алтын экспортунун физикалык көлөмү болжол менен 3,8 эсеге азайган — 2025-жылы 372 кг болсо, 2026-жылы 99 кг түзгөн. Акчалай көлөмдө төмөндөө дээрлик 2 эсени түзгөн: 31,2 млн доллардан 16,2 млн долларга чейин.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын январында экспорттун дээрлик баары Улуу Британияга жөнөтүлсө, 2026-жылы анын 100% Швейцарияга туура келген.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 6 254,9 кг алтын экспорттоп, жалпы суммасы 682,9 млн долларды түзгөн.