> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Ата районунун өз алдынча башкаруу органдарында 51 млн сомдон ашык мыйзам бузуу болгон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/18/ysyk-ata-raionunun-oz-aldyncha-bashkaruu-organdarynda-51-mln-somdon-ashyk-myizam-buzuu-bolgon/
- Published: 2026-05-18T08:10:54.000Z
- Updated: 2026-05-18T08:10:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**КРнын Эсептөө палатасы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине жана муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды.**

> Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, **2024-жыл үчүн** жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында **жалпы 51,1 млн** сом өлчөмүндө **каржылык мыйзам бузуу** жана кемчиликтер аныкталган. **Анын ичинен 13,5 млн** сомду **калыбына келтирүү талап кылынса,** аудит маалында **8,3 млн сом өндүрүлгөн**.

Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик **каражаттарды максатсыз пайдалануу,** сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, ижара келишимдеринин талаптарын сактабоо, **ашыкча чыгымдар** жана мүлктү эсепке алуудагы **кемчиликтер аныкталганы** белгиленди.

Ошондой эле **товарларды, жумуштарды** жана кызмат көрсөтүүлөрдү **сатып алуудагы** мыйзам **бузуулардын көлөмү 11 млн** сомдон ашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү органдарга жазма буйруктар жөнөтүлүп, аныкталган **мыйзам бузууларды жоюу** жана мындан ары мындай фактыларга жол бербөө **тапшырмасы берилди.**