> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ички рынокту ун менен камсыз кылуу маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/21/ichki-rynoktu-un-menen-kamsyz-kyluu-maselesi-talkuulandy/
- Published: 2026-05-21T11:53:10.000Z
- Updated: 2026-05-21T11:53:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Кызматтын аянтчасында төраганын орун басары Санжарбек Кокошеровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын ун өндүрүүчү ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Р.Дж. Жунушев менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.** 

Жолугушууда ички рынокту азык-түлүк буудайы менен камсыз кылуу, ата мекендик ун өндүрүүчү ишканалардын туруктуу иштеши жана калкты жетиштүү көлөмдө ун менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

> Тараптар тармактагы учурдагы абал боюнча пикир алышып, мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселесине токтолушту.

Жыйынтыгында Кызмат көтөрүлгөн маселелерди өз компетенциясынын алкагында кароого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.