> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/22/ysyk-koldo-zhashyl-ekonomika-zhana-turuktuu-onuguu-maseleleri-talkuulandy/
- Published: 2026-05-22T08:40:35.000Z
- Updated: 2026-05-22T08:40:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусунда жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Анда Германия, Швейцария жана Европа Биримдигинин элчилери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен жолугушту**.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионду өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Анда жашыл экономика, туруктуу туризм, экологиялык айыл чарба, инновациялык технологиялар тармагына өзгөчө көңүл бурулду.

> Тараптар 2020-жылдан бери ишке ашып келе жаткан өнөктөштүк буга чейин эле жакшы жыйынтыктарды берип жатканын белгилешти. Ошондой эле бул демилгелер Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын максаттарына шайкеш келери айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жашыл экономика, экологиялык таза айыл чарба жана заманбап технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду мындан ары да илгерилетүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.