> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда 270 жүк ташуучу унаа кезекте турат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/25/ak-tilek-otkoruu-punktunda-270-zhuk-tashuuchu-unaa-kezekte-turat/
- Published: 2026-05-25T06:50:51.000Z
- Updated: 2026-05-25T06:50:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын өткөрүү штаттык режимде уланууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чек арадагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп жатат. 

Маалыматка ылайык, Казакстан Республикасы тарабынан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү байкалган жок. Адистердин айтымында, автотранспорт каражаттарынын топтолушу биринчи кезекте Кыргызстандан чыккан экспорттук агымдын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болууда.

> 2026-жылдын 23-майына карата "Ак-Тилек" өткөрүү пункту аркылуу өтүү үчүн кезекте 270 жүк ташуучу автоунаа турганы маалымдалды.

Ошондой эле мамлекеттик органдар маалымат алмашуу жана координация маселелери боюнча Казакстандын тиешелүү кызматтары менен тыгыз иш алып барууда.