> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Каракол” эркин экономикалык аймагына инвестиция тартуу боюнча талкуу өттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/26/karakol-erkin-ekonomikalyk-aimagyna-investitsiia-tartuu-boiuncha-talkuu-ottu/
- Published: 2026-05-26T05:41:21.000Z
- Updated: 2026-05-26T05:41:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика

**Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында чет элдик инвесторлор менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды.**

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлордун “Каракол” эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулашты.

> *Компаниялардын өкүлдөрү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, Ысык-Көл облусунун өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалын белгилешти.*

Жолугушуунун жыйынтыгында инвесторлордун берилген сунуштарын биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.