> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан, Беларусь жана Кытайдын эркин экономикалык аймактары кызматташат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/28/kyrgyzstan-belarus-zhana-kytaidyn-erkin-ekonomikalyk-aimaktary-kyzmattashat/
- Published: 2026-05-28T08:25:16.000Z
- Updated: 2026-05-28T08:25:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика

**ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында бир катар меморандумдарга жана келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, Чолпон-Ата шаарында өткөн форумдун алкагында Кыргызстан, Беларусь жана Кытайдын шаарлары, аймактары жана эркин экономикалык аймактары ортосунда кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду.

> *Алардын ичинде:*

> *“Бишкек” жана “Брест” эркин экономикалык аймактарынын ортосундагы кызматташтык меморандуму;*

> *Бишкек менен Кытайдын Чжэнчжоу шаарынын ортосунда достук байланыштарды түзүү жөнүндө келишим;*

> *“Нарын» жана «Брест” эркин экономикалык аймактарынын кызматташтык келишими;*

> *Каракол менен Брест шаарларынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга карата жол картасы.*

Кол коюлган документтер аймактар аралык өнөктөштүктү чыңдоого, инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.