> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# РКӨФ ЕАЭБде евразиялык өнөр жай аймактарын түзүүнү сунуштайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/05/29/rkof-eaebde-evraziialyk-onor-zhai-aimaktaryn-tuzuunu-sunushtait/
- Published: 2026-05-29T08:04:53.000Z
- Updated: 2026-05-29T08:04:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков РФнын элчилиги тарабынан ЕАЭБ күнүн утурлай уюштурулган тегерек столдун жүрүшүндө евразиялык өнөр жай аймактарын түзүү демилгесин көтөрдү.**

Анын айтымында, **Кыргызстан** ЕАЭБге мүчө болгон **11 жыл ичинде** өлкөнүн **ИДПсы төрт эсеге өсүп**, Биримдик өлкөлөрүнөн келген **инвестициялар эки эсе көбөйгөн.** Ал эми ЕАЭБ мамлекеттерине **экспорттун көлөмү 1,2 млрд долларга жеткен.**

Артем Новиков **РКӨФтүн өнөр жай** кооперациясын өнүктүрүүдөгү ролун да белгилеп, фонд ушул убакка чейин **3700дөн** ашык аймактык долбоорду **1,15 млрд долларга каржылаганын** билдирди. Жалпысынан фонддун Кыргызстан экономикасына кошкон **салымы 2 млрд долларга** жакындаган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5240207521484578684.jpg-1.webp)

Ошондой эле фонд колдогон компаниялардын **былтыркы** жалпы **кирешеси 172 млрд** сомду түзүп, бул **Кыргызстандын ИДПсынын дээрлик 10 % барабар** болгону айтылды. Мындан тышкары, фонддун колдоосу менен **33 миңден ашуун жумуш орду** түзүлгөн.

> *“Биз ресурстарды өздөштүрүү темпи жана мурда каржылаган көлөмдөр азыркы экономикалык өсүү темпин сактоо үчүн жетишсиз экенин түшүнөбүз. Бул жагынан алганда, биз тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүздүк. *2030-жылга чейин* биз Кыргызстандын экономикасына өзүбүздүн жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторунан, анын ичинде Кыргыз Республикасынан тартылган каражаттарды дагы болжол менен *1 миллиард доллар инвестициялайбыз* деп ишенем”,* \- деп белгиледи Артем Новиков.

Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү ички **атаандаштыктан** **биргелешкен өндүрүш долбоорлоруна өтүшү** керектигин белгилеп, **евразиялык өнөр жай аймактарын түзүү** жана бизнес үчүн **бирдиктүү санариптик мейкиндикти өнүктүрүү** маанилүү экенин кошумчалады.