> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак-Жол" постунан 6 тонна күрүч артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/01/ak-zhol-postunan-6-tonna-kuruch-artka-kaitaryldy/
- Published: 2026-06-01T11:16:29.000Z
- Updated: 2026-06-01T11:16:28.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан "Ак-Жол" фитосанитардык текшерүү постунда 6 тонна күрүч артка кайтарылды.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнунда Казакстан Республикасынан Кыргызстанга ташылып келген 6000 килограмм күрүчкө карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган.

> Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык, жүк кайра жөнөтүүчү өлкөгө кайтарылган.

Тиешелүү кызматтар фитосанитардык талаптардын сакталышын камсыздоо максатында мамлекеттик чек арадагы көзөмөлдү улантууда.