> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев менен Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда барышты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/05/adylbek-kasymaliev-menen-aleksandr-turchin-avtomash-radiator-zavodunda-baryshty/
- Published: 2026-06-05T11:37:26.000Z
- Updated: 2026-06-05T11:37:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларус Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда барышты.**

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалыдашынча, алар ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүштүк цехтерди, технологиялык линияларды жана өндүрүлгөн продукцияны көрүштү.

> *Заводдун жетекчилиги ишкананын учурдагы иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, киргизилип жаткан технологиялар, ошондой эле мындан аркы өнүгүү перспективалары тууралуу маалымат берди.* 

Он жылдан ашуун убакыттан бери "Автомаш-Радиатор" ишканасы беларус өнөктөштөрү менен активдүү кызматташып келет. Иш сапардын жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.