> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/07/7-iiun-kyrgyzstandyn-finansy-zhana-ekonomika-kyzmatkerlerinin-kunu/
- Published: 2026-06-07T06:12:39.000Z
- Updated: 2026-06-07T06:12:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика тармагында эмгектенген кызматкерлерге таандык.**

Майрам өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын **финансылык жана экономикалык** кызматкерлеринин кошкон **салымынын маанилүүлүгүн** белгилөө максатында уюштурулган.

**Кыргызстанда финансылык** ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө **900гө жакын уюм** иш жүргүзөт.

> Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, аларда иштеген кызматкерлердин тизмелик саны **2024-жылдын январь-март** айларында **24,6 миң адамды** түзүп, **2023-жылдын январь-март** айларына салыштырмалуу **11,4 %га** көбөйгөн.

**2023-2024-жж.финансылык ортомчулук* жана мекемелердин кызматкерлеринин *орточо айлык эмгек акысы* жана тизмелик саны төмөндөгүдөй болгон:*

| Статистика боюнча     | 2023-ж 1-кв. Жумушчулар | 2023-ж 1-кв. эмгек акы | 2024-ж 1-кв. Жумушчулар | 2024-ж 1-кв. эмгек акы |
| --------------------- | ----------------------- | ---------------------- | ----------------------- | ---------------------- |
| Финансылык ортомчулук | 21 446                  | 53 645                 | 23 896                  | 62 494                 |

**2024-жылдын январь-март** айларында финансылык ортомчулук уюмдары (банк секторун кошпогондо) тарабынан алынган **дүң кирешенин көлөмү 14,8 млрд**. сомду түзгөн. Бул көлөм кийинки ишканалар тарабынан түзүлгөн:

\- **64% ашыгы** \- **виртуалдык активдерге ээ** бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу финансылык ортомчулук уюмдары;

\-   **27%** \- банк чөйрөсүнөн тышкаркы **кредит берүүчү уюмдар;**

\- **5,6%ы** \- **камсыздандыруу** компаниялары;

\-   **3%га** жакыны **бухгалтердик эсеп жана аудит.**

> Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын **жалпы санынын жарымынан көбү** үстүбүздөгү жылдын I кварталын **2,5 млрд. сом суммасындагы пайда** менен аяктады, ал эми **15% чыгаша (0,2 млрд. сом) тартты.** 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 2,3 млрд. сом пайда өлчөмүндөгү оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.

Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ), ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарында (ОКБУ) окуган **студенттер арасында эң популярдуу** адистик **экономика жана башкаруу** болуп саналат.