> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/08/kyrgyzstanda-kuiuuchu-maidyn-baasy-osuudo/
- Published: 2026-06-08T05:55:26.000Z
- Updated: 2026-06-08T05:55:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа акырындык менен жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айрым керектөө товарларынын орточо баалары боюнча жүргүзгөн күнүмдүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөтүүдө.**

> Статистикалык маалыматтарга ылайык, **2026-жылдын июнь айында** АИ-95 үлгүсүндөгү **бензиндин орточо баасы** өлкө боюнча литрине **85,77** сомду түздү. **Май айында** бул көрсөткүч **85,35 сом** болгон. Натыйжада **бир ай ичинде** бензиндин баасы **42 тыйынга кымбаттады.**

Ошондой эле **дизель майынын баасы** дагы **өсүүдө**. Эгер **май айында** анын орточо баасы **литрине 91,53 сом** болсо, **июнь айында 93,02 сомго** жеткен. Башкача айтканда, дизель майы **бир ай аралыгында 1 сом 49 тыйынга кымбаттаган.**

Эксперттердин айтымында, күйүүчү **майдын баасынын өзгөрүшү транспорттук чыгымдарга** жана **айрым товарлардын** өздүк **наркына таасир** этиши мүмкүн. Айрыкча дизель майынын кымбатташы **айыл чарба, жүк ташуу** жана **логистика тармактары** үчүн **маанилүү фактор** болуп саналат.

> **Улуттук статистика комитетинин маалыматы** боюнча, учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары боюнча **мониторинг** өлкөнүн **бардык калктуу конуштарында** үзгүлтүксүз **жүргүзүлүп тура**т. Ага ылайык, июнь айында **Балыкчы шаарында** бензинге болгон баа **эң жогорку көрсөткүчтү 88,08** тыйын болсо, **дизель** майынын жогорку баасы **Баткен шаарында** катталып, анын баасы **94, 94 тыйындан сатылууда.**

*Салыштырмалуу таблицада май жана июнь айларындагы Кыргызстандын аймагындагы эң арзан жана эң кымбат көрсөткүчтөр көрсөтүлдү:*

| **Аймактар** | **А-95 (май)** | **А-95 (июнь)** | **Дизель (май)** | **Дизель (июнь)** |
| ------------ | -------------- | --------------- | ---------------- | ----------------- |
| Кыргызстан   | 85,36 с.       | 85,77 с.        | 91,53 с.         | 93,02 с.          |
| Бишкек ш.    | 84,42 с.       | 84,90 с.        | 91,19 с.         | 92,80 с.          |
| Балыкчы ш.   | 87,20 с.       | 88,08 с.        | 90,90 с.         | 92,56 с.          |
| Баткен ш.    | 87,30 с.       | 87,55 с.        | 93,92 с.         | 94,94 с.          |
| Ош ш.        | 86,84 с.       | 87,00 с.        | 93,43 с.         | 94,53 с.          |