> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-азербайжан экономикалык кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/10/kyrgyz-azerbaizhan-ekonomikalyk-kyzmattashtygy-talkuulandy/
- Published: 2026-06-10T05:50:07.000Z
- Updated: 2026-06-10T05:50:06.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Экономика

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушту.**

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. 

> Анда соода-экономикалык, инвестициялык, агрардык жана гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Эрлист Акунбеков эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги ишенимдүү саясий диалогдун негизинде ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

> Ошондой эле тараптар мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгып, кыргыз-азербайжан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/2-16.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/-----4.jpeg)