> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/15/kyrgyzstanda-kurulushtun-kolomu-1-6-esege-koboidu/
- Published: 2026-06-15T07:34:12.000Z
- Updated: 2026-06-15T07:34:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында курулуш тармагындагы иштердин көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү. Ошондой эле дүң жана чекене соода жүгүртүүсү 10,4%, айыл чарба продукциясынын көлөмү 3,7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 4,8% түзгөн.

> Анын ичинде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,8%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 6,5%, азык-түлүк эмес товарлар 2,8%, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 7,1% жогорулаган.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда байкалып, баалардын өсүшү 10,3% түзгөн. Бул негизинен алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын 15,1%, азык-түлүк эмес товарлардын 8,8% жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин 17,1% кымбатташы менен байланыштуу.