> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% азайды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/06/15/kyrgyzstandyn-tyshky-sooda-zhugurtuusu-3-6-azaidy/
- Published: 2026-06-15T07:03:59.000Z
- Updated: 2026-06-15T07:03:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгу жылдын январь–апрель айларында Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 760,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га төмөндөдү.** **Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 1 млрд 790,5 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь–апрель айларына салыштырмалуу 1,8%га азайган.

> Маалыматка ылайык, экспорттук ташуулар 11,7%га кыскарса, импорттук түшүүлөр тескерисинче 1,0%га өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын негизги бөлүгү Россия Федерациясына (67,4%) жана Казакстан Республикасына (30,2%) туура келген.