> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 600 сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/07/kyrgyzstanda-ortocho-ailyk-49-min-600-somdu-tuzdu/
- Published: 2026-07-07T07:20:02.000Z
- Updated: 2026-07-07T07:20:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда быйыл январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.**

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21.3%га жогору. Былтыр январь–апрель айларында орточо айлык акы 40 миң 776 сомду түзгөн.

> *Ошол эле учурда инфляция, башкача айтканда керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу айлык акы 9.9%га өскөн.*

Аймактар боюнча алганда, эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталып, 62 миң 674 сомду түздү. Ал эми облустар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

Ысык-Көл облусу – 54 миң 52 сом.

Талас облусу – 47 миң 110 сом.

Нарын облусу – 46 миң 128 сом.

Жалал-Абад облусу – 40 миң 581 сом.

Чүй облусу – 38 миң 542 сом.

Баткен облусу – 35 миң 665 сом.

Ош облусу – 31 миң 995 сом.