> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кристин Лагард: санарип евро – нак акчаны алмаштыра албайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/13/kristin-lagard-sanarip-evro-nak-akchany-almashtyra-albait/
- Published: 2026-07-13T05:05:12.000Z
- Updated: 2026-07-13T06:24:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Европанын Борбордук банкынын (ЕББ) президенти Кристин Лагард санарип евро накталай акчаны алмаштыра албайт - деген пикирин** [**Euronews**](https://ru.euronews.com/business/2026/07/09/digital-euro-lagard-not-eliminate-cash) **телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, төлөм каражатынын санарип ыкмасы - жарандардын төлөмдөрүн көзөмөлдөө үчүн эмес, накталай акчаны толуктоо максатында иштелип чыгууда.**

ЕББ башчысынын билдирүүсүнө караганда, Европа парламенти санарип евро боюнча мыйзам долбоорун сүйлөшүүлөрдүн кийинки баскычына өткөрдү, эми документти 2026-жылдын аягына чейин кабыл алуу пландалууда. **Санарип евро ишке кирсе**, банкнот жана тыйындар менен бирдей **мыйзамдуу төлөм каражаты** болуп саналат.

> *“*Накталай евро* дагы, *санарип евро* дагы мыйзамдуу төлөм каражаты. Демек, *Европанын* эч бир жеринде *“биз сиздин банкнотуңузду кабыл албайбыз!”* \- *деп айтууга болбойт”*,* – деди Кристин Лагард.

Ал ошондой эле жыл аягына чейин ЕББ евро банкнотторунун жаңы дизайны боюнча сунуштарын да жарыялай турганын билдирди.

> *“Биз жаңы дизайн жана жаңы көрүнүштөгү банкноттор боюнча сунуштарды сунуштайбыз. *Накталай акча жоголбойт*, болгону жаңыланат”,* – деп белгиледи Европанын Борбордук банкынын башчысы.

Лагарддын айтымында, **санарип евронун** негизги **максаттарынын бири** – Европанын төлөм системалары жаатындагы **көз карандысыздыгын күчөтүү**. Учурда Европа өлкөлөрүндөгү **төлөм карталар** аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн болжол менен **60%ы чет элдик** компаниялардын төлөм инфраструктурасы аркылуу ишке ашырылат.

### **КРнын мыйзамдары да, так ушундай. Бирок...**

> Кыргыз Республикасынын [**Жарандык кодексинин**](https://cbd.minjust.gov.kg/3-1/edition/52160/kg) 3-главасында улуттук валюта – *“*Сом мыйзамдуу төлөм каражаты* болуп эсептелет, *КРнын бүткүл аймагында* көрсөтүлгөн наркы боюнча *МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ кабыл алынат.* Төлөмдөр КРнын аймагында *накталай* жана *накталай эмес* эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) *түрүндө жүзөгө ашырылат*”* \-деп так көрсөтүлгөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1077950333_0_67_1280_787_1920x0_80_0_0_80619cb5a0037a10364cd61ba284c614.jpg)

**Бирок,** 2026-жылдын **1-июлунан тартып** Бишкек шаарындагы муниципалдык **коомдук транспорттордо** жол кирени **накталай** акча менен **төлөө токтотулган**. Жүргүнчүлөр жол кирени азыр “Тулпар” картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” **банктык карталары** жана **QR-код менен төлөп жатышат**. Мындай жаңычылыкка көнбөгөн айрым жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөп, **бир нече айдоочу иштен бошотулганы белгилүү** болгон.

Буга чейин **Экономика жана коммерция министрлигине караштуу** [**Монополияга каршы жөнгө салуу**](https://www.instagram.com/p/DaQAVRNKUaO/) **кызматы** бул боюнча бир нече жолу өз позициясын жарыялаган.

> *"*Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо* артыкчылыктуу бойдон калат. Ар бир жүргүнчү мыйзамдарга ылайык жол кирени *накталай* да, *накталай эмес* да *төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.*" - деп билдиришкен.*

Бирок, шаардык муниципалитетке бул мыйзам тиешелүү эместей... Ушундан улам, **мыйзам КРда иштебейби?** Мыйзамдын аткарылышын **ким көзөмөлдөшү керек?** \- деген суроо жаралууда.