> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эсептөө палатасы: Кочкор районунан  233,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/15/eseptoo-palatasy-kochkor-raionunan-233-2-mln-somduk-karzhylyk-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-07-15T03:55:46.000Z
- Updated: 2026-07-15T03:55:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**КРнын Эсептөө палатасынын Нарын облусу боюнча аймактык бөлүмү аудитордук иш планга ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында - 233 млн 230,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады.**

**Бул каражаттын 209 млн 160,8 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш** болсо, бүгүнкү күнгө чейин **200 млн 564,6 миң сому калыбына келтирилди**.

> Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аудиттин жүрүшүндө бюджетти пландоодогу кемчиликтер, бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы тартип бузуулар, капиталдык курулуш иштериндеги мыйзам бузуулар, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү кемчиликтер жана **180 млн 559,8 миң** сомдук мүлктүн талаптагыдай сакталбаганы аныкталган.

Ошондой эле Кочкор финансы башкармалыгындагыToyota Camry үлгүсүндөгү **кызматтык автоунааны сатуу** жана Сары-Булак айыл өкмөтүнүнмуниципалдык ишканасына таандык **атайын техникаларды ижарага берүү** боюнча материалдар **укуктук баа берүү үчүн** Нарын облустук **прокуратурасына жөнөтүлдү**.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү отчеттор, ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктар жана сунуштар жөнөтүлдү.