> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финкөзөмөл эки крипто компаниянын лицензиясын кайтарып алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/16/finkozomol-eki-kripto-kompaniianyn-litsenziiasyn-kaitaryp-aldy/
- Published: 2026-07-16T07:25:31.000Z
- Updated: 2026-07-16T07:25:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузган эки компаниянын лицензиясын кайтарып алды.**

> Мекеменин маалыматына ылайык, виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу, виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жана виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ишин жүзөгө ашырууга мурда берилген лицензияларды кайтарып алды.

КРнын «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Финкөзөмөлдүн буйруктары менен төмөнкү юридикалык жактардын лицензиялары кайтарылып алынды:

\- “Гринекс” ЖЧКсы;  
\- “Онли Файненс” ЖАК.

Финкөзөмөл виртуалдык активдер рыногунда иш алып барган бардык компанияларды мыйзам талаптарын так сактоону жана өз милдеттерин ак ниет аткарууну эскеретүүдө.

Мекеме мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл улантыларын белгилеп, мыйзам бузган субъекттерге карата мыйзамда каралган чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул рыноктун ачыктыгын камсыздоого, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана өлкөнүн финансы секторунун туруктуу өнүгүшүнө багытталат.