> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/16/kyrgyzstandyn-ekonomikasy-zharym-zhylda-11-9-ostu/
- Published: 2026-07-16T03:36:14.000Z
- Updated: 2026-07-16T03:36:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын экономикасында оң өсүш байкалды. Алдын ала маалымат боюнча, ички дүң продукт (ИДӨ) 960 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9%га көбөйдү.**

> Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ө**нөр жай продукциясынын көлөмү 450,4 млрд** сомго жетип, өндүрүштүн **физикалык көлөмүнүн индекси 112,7%ды** түздү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/2222.png)

 Өсүш негизинен **химиялык продукцияны 2,9 эсеге**, фармацевтикалык продукцияны 1,8 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык продукцияны жана тазаланган **мунай өнүмдөрүн 1,7 эсеге көбөйтүү,** ошондой эле т**ранспорт каражаттарын (40,7%)**, курулуш материалдарын (33,4%), **негизги металлдарды (11,9%),** тамак-аш жана суусундуктарды (8,2%) өндүрүүнүн жана **пайдалуу кен казуунун (12,8%)** өсүшү менен шартталды. **Курулуш тармагында** аткарылган иштердин көлөмү **1,7 эсеге,** дүң жана чекене соода 5%га, **айыл чарбасы 4,3%га өстү.**

> Билдирүүгө караганда, жыл башынан бери республика боюнча **керектөө баалары** жана тарифтер **5,5%га жогорулады.** Анын ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5,4%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7,2%га, азык-түлүк эмес товарлар 3,3%га, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,3%га кымбаттады.

Баалардын **эң жогорку өсүшү Ош облусунда** катталып, **12,5%ды** түздү. Ал эми **азык-түлүккө болгон баа эң көп Ысык-Көл облусунда** өсүп, **8,9%га** жетти.

**2026-жылдын январь–май айларында** Кыргызстандын **тышкы жана өз ара соода** жүгүртүүсү **6,3 млрд АКШ долларын түзүп**, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **1%га көбөйдү.**

Ошол эле мезгилде өлкөнүн **ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода** жүгүртүүсү **2,4 млрд** долларды түзүп, **6%га өстү.** **Экспорт 3,2%га азайса, импорт 8,3%га көбөйдү.** ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын негизги үлүшү **Россияга (67,8%)** жана **Казакстанга (29,8%)** туура келди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/myzfoj-1.png)