> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# РКӨФ Жалал-Абадда фасаддык панелдерди чыгаруучу заводду каржылады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/16/rkof-zhalal-abadda-fasaddyk-panelderdi-chygaruuchu-zavoddu-karzhylady/
- Published: 2026-07-16T09:48:49.000Z
- Updated: 2026-07-16T09:48:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Россия–Кыргыз өнүгүү фонду (РКӨФ) Жалал-Абад облусунда фасаддык жана сэндвич-панелдерди чыгаруучу заводду ишке киргизүү үчүн 350 миң доллар бөлдү. Бул маалымат менен РКӨФ төрагасы Артем Новиков социалдык баракчасында бөлүштү. Анын айтымында "Мантай Групп" компаниясы ишке ашырып жаткан долбоордун жалпы наркы 600 миң доллардан ашат.**

Учурда ишкана **суткасына 1 500 чарчы метр** сендвич-панель чыгарып жатат. Завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккандан кийин бул көрсөткүч **2 500 чарчы метрге чейин жетет**. Мындай көлөм өлкөнүн түштүгүндөгү ири турак жай жана өнөр жай объектилерин **заманбап фасаддык каптоо материалдары** жана **желдетилүүчү фасаддар** үчүн бекиткич системалар менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

> Артем Новиковдун айтымында, долбоор курулуш материалдарынын импортун алмаштырууга жана ата мекендик курулуш тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Заводдун продукциясы ички рынокту заманбап фасаддык жылуулоочу материалдар жана желдетүү системалары үчүн бекиткичтер менен камсыз кылат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**