> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депозиттерди коргоо агенттигинде 5,8 млн сомдук каржылык эреже бузулган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/24/depozitterdi-korgoo-agenttiginde-5-8-mln-somduk-karzhylyk-erezhe-buzulgan/
- Published: 2026-07-24T11:48:13.000Z
- Updated: 2026-07-24T11:48:12.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Экономика

**Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Депозиттерди коргоо агенттигинде 5 млн 866,5 миң сомдук каржылык эреже бузуулар аныкталды.**

Эсептөө паласы билдиргендей, аудит 2024–2025-жылдардагы ишмердүүлүктү камтып, негизги мүчүлүштүктөр эмгек акы фондун пайдаланууда жана ички документтерди жүргүзүүдө катталган.

> Маалыматка ылайык, агенттикте бекитилген төлөмдөрдүн тизмесинде каралбаганына карабастан, кызматкерлерге материалдык жардам катары 5 млн 586,5 миң сом берилген. Ошондой эле ички документтердеги карама-каршылыктардан улам күз-кыш мезгилине жардам берүүдө 280 миң сомдук айырма аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Эсептөө палатасы агенттикке аныкталган кемчиликтерди жоюу, каражаттарды пайдаланууда көзөмөлдү күчөтүү жана каржылык тартипти жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.