> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 6% өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/29/kyrgyzstandyn-eaeb-olkoloru-menen-sooda-zhugurtuusu-6-ostu/
- Published: 2026-07-29T06:05:11.000Z
- Updated: 2026-07-29T06:05:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен өз ара соода жүгүртүүсү 2 млрд 421,5 млн** $ **түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6% өстү.**

> Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, ушул эле мезгилде өлкөнүн жалпы тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 6 млрд 257 млн $ түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 1% көбөйгөн.

2026-жылдын январь–май айларында жалпы товар жүгүртүүнүн 38,7%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келген. Анын ичинен экспорттун 52,8%, импорттун 36,5%ы Биримдикке мүчө мамлекеттер менен жүргүзүлгөн.

ЕАЭБ ичиндеги эң ири соода өнөктөштөр болуп мурдагыдай эле Россия (67,8%) жана Казакстан (29,8%) келе жатат.

**2026-жылдын январь-май айындагы ЕАЭБга мүчө-мамлекеттер менен КРнын соода жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү:**

| **Өнөктөш өлкөлөр** | **Экспорт (АКШ $)** | **Импорт (АКШ $)** |
| ------------------- | ------------------- | ------------------ |
| Жалпы               | 446 646,5           | 1974615,728        |
| Армения             | 346,6               | 517,5              |
| Беларусь            | 15211,8             | 42571,6            |
| Казакстан           | 182907,7            | 538472,5           |
| Россия              | 248440,5            | 1393054,2          |