> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы 1,4 млн сомдук мыйзамсыз товарларды аныктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/29/salyk-kyzmaty-1-4-mln-somduk-myizamsyz-tovarlardy-anyktady/
- Published: 2026-07-29T12:20:59.000Z
- Updated: 2026-07-29T12:20:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады.**

Мекеменин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринен үй буюмдарын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келген эл керектөөчү товарлар аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 1 млн 400 миң сомдон ашат.

Учурда бул факты боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды өндүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Салык кызматынан белгилешкендей, мындай көзөмөл иш-чаралары товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюу, бюджетке салыктык түшүүлөрдү толук камсыз кылуу жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниет катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүү максатында улантылат.