> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эң жогорку айлык акы кайсы тармакта?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/30/kyrgyzstanda-en-zhogorku-ailyk-kaisy-tarmakta/
- Published: 2026-07-30T11:41:15.000Z
- Updated: 2026-07-30T11:41:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**КРнын экономикасында калктын реалдуу кирешелеринин тынымсыз көбөйүшүнүн натыйжасында ички суроо-талаптын өсүшү белгиленүүдө. Экономиканын дээрлик бардык секторлору өлкөнүн реалдуу ИДӨнүн эки орундуу көрсөткүчтөрүн 11,9 % деңгээлинде шарттоо менен оң динамиканы көрсөтүүдө.**

Кыргызстанда дээрлик бардык негизги экономикалык тармактарда орточо айлык акы өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өстү.

> *Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын май айында эң жогорку орточо эмгек акы *финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында* катталган. Бул тармакта иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы *99 миң сомдон ашып*, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик *22 миң сомго көбөйгөн.**

**Экинчи орунда кен казуу** тармагы турат. Бул багыттагы кызматкерлердин орточо эмгек акысы бир жыл ичинде **73,5 миң сомдон 101,6 миң сомго чейин** жогорулап, өлкөдө **100 миң** сомдук чекке жеткен алгачкы тармактардын бири болуп калды.

Алдыңкы бештикке ошондой эле: 

\- маалымат жана байланыш – 89 миң сом,

\- транспорт жана жүк сактоо – 75,6 миң сом,

\- кайра иштетүү өнөр жайы – 73,5 миң сом кирди.

Мындан сырткары бир жыл ичиндеги эң олуттуу өсүш социалдык тармактарда байкалган. Айрыкча **билим берүү** жана **саламаттыкты сактоо** кызматкерлеринин эмгек акысы 2026-жылдын 26-мартындагы президент Садыр Жапаровдун “эмгек акыны төлөө шарттарын жакшыртуу чаралары жөнүндө” жарлыгынын негизинде **орточо эсеп менен эки эсеге көбөйгөн**.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp_Image_2025-09-01_at__rQIxAeo.max-1920x1080.format-webp.webp)

> **Билим берүү* тармагында орточо айлык *26,2 миң сомдон 49,3 миң сомго* чейин өсүп, дээрлик эки эсеге жакындады. Ал эми *саламаттык сактоо* жана социалдык тейлөө тармагында эмгек акы *27,1 миң сомдон 53 миң сомго чейин көбөйдү.**

**Айыл чарба** тармагында да оң динамика байкалып, орточо айлык **27,8 миң сомдон 37,2 миң сомго чейин** жогорулады, бирок **эмгек акысы** салыштырмалуу **төмөн бойдон калган** тармактардын катарында калды. Ошондой эле **мейманкана жана ресторан кызматы** (40,2 миң сом), **искусство, көңүл ачуу** жана **эс алуу тармагында** (44,6 миң сом) айлык акы төмөн бойдон калууда.

Салыштырмалуу таблицада **2025-2026-жылдын май айларындагы** эң жогорку айлык акы төлөнгөн тармактар:

| **Тармактар**                          | **2025-жылы** | **2026-жылы** | **1 жылдык өсүш** |
| -------------------------------------- | ------------- | ------------- | ----------------- |
| **Финансылык ортомчу/ камсыздандыруу** | **77 145 ⃀**  | 99 007 ⃀      | +28,3%            |
| **Пайдалуу кендерди казуу**            | 73 532 ⃀      | **101 551** ⃀ | +38,1%            |
| **Маалымат жана байланыш**             | 74 801 ⃀      | 89 065 ⃀      | +19,1%            |
| **Транспорт жана жүк сактоо**          | 53 756 ⃀      | 75 645 ⃀      | +40,7%            |
| **Курулуш**                            | 50 407 ⃀      | 65 106 ⃀      | +29,2%            |
| **Билим берүү**                        | 26 235 ⃀      | 49 301 ⃀      | +87,9%            |
| **Саламаттыкты сактоо**                | 27 150 ⃀      | 53 000 ⃀      | **+95,2%**        |

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары көрсөткөндөй, акыркы бир жыл ичинде дээрлик бардык экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө эмгек акы жогорулады.