> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек менен Шаньдун провинциясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/07/31/bishkek-menen-shandun-provintsiiasy-kyzmattashuu-tuuraluu-memorandumga-kol-koiushtu/
- Published: 2026-07-31T04:28:00.000Z
- Updated: 2026-07-31T04:27:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Күн мурун Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Коммерция департаменти уюштурган "Кытай (Шаньдун провинциясы) – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер" аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция өттү.**

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын атынан мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, борбор калаанын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Конференциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Шаньдун провинциясынын Коммерция департаментинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

> Документ соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда инвестиция тартуу, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай жана санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1785467229-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1785467271.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1785467173.jpeg)