> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/02/myizamsyz-altyn-alyp-chyguu-araketinin-eki-faktysy-anyktaldy/
- Published: 2026-08-02T09:00:26.000Z
- Updated: 2026-08-02T09:00:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин** [**эки фактысын аныкташты.**](https://www.instagram.com/p/DbdtnnsoV2X/)

> Бажы кызматынын маалыматына караганда, **биринчи учурда** Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы **38,88 грамм** болгон 999,9 үлгүдөгү **12 даана алтын пластина табылган.**

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаран **телефонго жашырылган алтын** тууралуу билбегени аныкталган. Алтынды мыйзамсыз алып чыгуу аракетин башка жаран уюштуруп, **үчүнчү жактар аркылуу** телефонду Түркияга **жеткирүү үчүн** ага **берген.** 

Уюштуруучу өз ыктыяры менен **360 миң 668 сом** өлчөмүндө э**ки эселенген бажы төлөмүн төлөп,** алынган алтын буюмдарды **мамлекеттин пайдасына** өз ыктыяры менен **өткөрүп берген**. Келтирилген **зыян толугу менен өндүрүлгөндүктөн** жана мыйзам талаптары аткарылгандыктан, **кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынды.**

> Мындан тышкары, ушул эле **Бишкек–Стамбул каттамы** боюнча **Өзбекстандын жаранын** текшерүүдө анын **бут кийиминин таманына** (стелькасына) жашырылган **124 грамм порошек түрүндөгү алтын** табылган. Аталган зат Бажы текшерүүсүнөн жашырылып, белгиленген тартипте **декларацияланбагандыгы анык** болду. 

Соттук экспертизанын натыйжасында, алынган заттын **курамында 99,61% жана 99,64% алтын бар** экени аныкталган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жана соттун чечиминин негизинде мамлекетке **келитирлген зыян толугу менен өндүрүлдү**. Алынган алтын мамлекеттин пайдасына өткөрүлдү. Анын баасы **945 107 сомду түздү.**