> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/02/wildberriestin-dagy-bir-kampasy-dron-chabuuluna-kabyldy/
- Published: 2026-08-02T12:02:46.000Z
- Updated: 2026-08-02T12:02:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.**

> Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын, анын негизинде курмандыктар болбогондугун тастыктады.

Маалыматтарга караганда, Wildberriesтин кампаларына **18-июлдан бери** дрон чабуулу жасалып, бир катар **логистикалык объектилер жабыркады**. Буга чейин Москваны, Тамбовду, Пензаны, Свердловду, Ленинград облусун, Краснодар жана Ставрополь крайларын, Санкт-Петербургду, Крымды жана Удмуртияны камтыган бир катар аймактардагы кампалар да чабуулга кабылган. 

Эң оор окуя **Тамбов облусундагы Котовск шаарында** катталып, анда жети кызматкер каза болуп, дагы 23 адам жаракат алган. Айрым кампалардагы өрттөн кийин алардын иши убактылуу токтотулган.

> Wildberries компаниясынын башкы директору **Татьяна Ким** Электросталь жана Котовск шаарларындагы окуялардан кийин каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө **2 млн рублден**, оор жаракат алгандарга **1 млн рублден** төлөнөрүн билдирген. Компаниянын маалыматына ылайык, **28-июлга карата** дрон чабуулдарынан жабыркагандарга жалпысынан **40 млн рубль** компенсация төлөнгөн.

Мындан тышкары, Wildberries логистикалык чынжырларын кайра уюштуруп, маркетплейстин ишинде үзгүлтүк жаралбашы үчүн чара көрүп жатканын жана сатуучуларга келтирилген чыгымды баалоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.