> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/03/4-avgusttan-bashtap-bala-yrysy-zholokpulu-berile-bashtait/
- Published: 2026-08-03T12:30:38.000Z
- Updated: 2026-08-03T12:30:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстандагы үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы, ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү 2026-жылдын 4-августунан баштап бериле баштайт. Мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдын көлөмү айына - 1200 сомду түзөт.**

Каражат июль айында кайрылган ата-энелерге “Элдик Банк” жана “А Банк” аркылуу берилет.

> Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейинки балдар жаңы жөлөкпул программасына катышып, тийиштүү каражатты ала алышат.

Эске салсак, ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулу үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө кирешесинин деңгээлине карабастан дайындалган жана ага арыздарды кабыл алуу процесси 1-июлда башталган. Көпчүлүк жарандар арыздарды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик түрдө тапшырышты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**