> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/03/kyrgyzstandyn-zhalpy-karyzy-10-mlrd-dollarga-zhakyndady/
- Published: 2026-08-03T08:29:04.000Z
- Updated: 2026-08-03T08:29:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика

**2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче өскөн.*

Май айынын аягына карата өлкөнүн тышкы карызы 5 миллиард 212,3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 133 миллион долларга аз. Ал эми ички мамлекеттик карыз 4 миллиард 739,6 миллион долларга жетип, беш ай ичинде 1 миллиард 166 миллион долларга көбөйгөн.