> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азербайжан-кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 63,8 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/05/azerbaizhan-kyrgyz-onukturuu-fondunun-kapitaly-63-8-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2026-08-05T11:48:16.000Z
- Updated: 2026-08-07T11:06:19.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Экономика

**Азербайжан-кыргыз өнүктүрүү фондунун иш жүзүндө төлөнгөн капиталынын көлөмү 63,82 млн долларга жетти. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, буга чейин фонддун уставдык капиталын 25 млн доллардан 100 млн долларга чейин көбөйтүү чечими кабыл алынган. Бул жаңы инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Учурда фонд тарабынан жалпы наркы 76,67 млн долларды түзгөн 11 инвестициялык долбоор жактырылган. Ал эми жалпы суммасы 204 млн доллардан ашкан 37 долбоор каралып жатат.

> Долбоорлор энергетика, турак жай курулушу, текстиль өнөр жайы, саламаттык сактоо жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарын камтыйт.

Мындан тышкары, Азербайжан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында фонддун капиталын 200 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашуу түзүлгөнү белгиленди. 

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*