> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба жана ишкердикти колдоого алты айда 7,6 млрд сом насыя берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/06/aiyl-charba-zhana-ishkerdikti-onukturuugo-zharym-zhylda-7-6-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2026-08-06T11:08:16.000Z
- Updated: 2026-08-06T11:08:15.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен "Элдик Банк" ААК биргеликте ишке ашырып жаткан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында 7 млрд 606,1 млн сом көлөмүндө насыя берилди.** 

Министрликтин маалыматына ылайык, алты ай ичинде жалпысынан 5 миң 690 жеңилдетилген насыя берилген. Мамлекеттик программалар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кайра иштетүү тармагын, ошондой эле чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоого, өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган.

Алты айдын ичинде төмөнкү программалар боюнча каржылоо жүргүзүлгөн:

- "Айыл чарбасын каржылоо – 14" – 4 миң 363 насыя, жалпы суммасы 2 млрд 629,3 млн сом;
- "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө (АКК)" – 937 насыя, жалпы 1 млрд 885,9 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин каржылоо – 259 насыя, жалпы 2 млрд 504,9 млн сом;
- "Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" – 125 насыя, жалпы 549,7 млн сом;
- "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" – 5 кредит, жалпы 36 млн сом;
- "Мөмө-жемиш питомник чарбасын өнүктүрүү" – 1 насыя, 300 миң сом.

> Министрлик белгилегендей, мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программалары айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жана чакан, орто бизнести өнүктүрүүдө маанилүү инструмент бойдон калууда. Өлкөдө бул багыттагы колдоо чаралары өндүрүштүн өсүшүнө жана аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзүп жатат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*