> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экспорттоочулардын сертификаттоо чыгымдарынын 50%ын кайтарып берүү сунушталууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/10/eksporttoochulardyn-sertifikattoo-chygymdarynyn-50-kaitaryp-beruu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-08-10T11:17:51.000Z
- Updated: 2026-08-10T11:17:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика министрлиги ата мекендик өндүрүүчүлөр менен экспорттоочуларды колдоо максатында алардын продукцияны сертификаттоого, кайра сертификаттоого жана чет өлкөлүк лабораторияларда сыноодон өткөрүүгө кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүн мамлекет тарабынан кайтарып берүүнү сунуштоодо.** 

Долбоорго ылайык, чыгымдардын бир бөлүгүн кайтаруу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каражаттарды төлөп берүү үчүн жооптуу орган катары Экономика жана коммерция министрлигине караштуу **"Кыргыз Экспорт"** экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору аныкталат. Бул механизм **2027-жылдын 1-январынан** тартып иштей башташы **пландалууда.**

> Долбоорго ылайык, шайкештик сертификатын алуу, кайра сертификаттоодон өтүү жана чет өлкөлөрдөгү аккредиттелген лабораторияларда продукцияны сыноо үчүн мамлекет чыгымдардын **50% кайтарып берүүнү**, аны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен **50 млн сом каражат бөлүүнү** сунуштап жатат. Анын ичинен 40 млн сом сертификаттоо жана кайра сертификаттоого, дагы 10 млн сом чет өлкөлүк лабораториялардагы сыноолорго багытталат.

Ошондой эле долбоордо чыгымдары жарым-жартылай кайтарылып берилүүчү эл аралык стандарттардын тизмесин бекитүү каралган. Арыздарды кароо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Колдоо **төмөнкүдөй продукцияларды изилдөөгө** каралган:

\- сүт азыктары;  
\- эт жана эт азыктары;  
\- балык;  
\- мөмө-жемиш жана жашылча;  
\- бал, жаңгак жана кургатылган жемиштер;  
\- кайра иштетилген тамак-аш продукциясы;  
\- экспортко багытталган башка продукциялар.

Экономикалык жактан алганда, демилге кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн эл аралык талаптарга жооп берген продукцияны өндүрүү жана аны тышкы рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Айрыкча айыл чарба жана тамак-аш продукциясын экспорттогон ишканалар үчүн сертификат алуу жана лабораториялык сыноолорго кеткен чыгымдардын жарымын кайтарып берүү экспортко чыгуудагы каржылык жүктү азайтышы күтүлөт.

Коомдук талкуудагы бул токтомдун долбоору боюнча сунуш-пикирлер 2026-жылдын **7-сентябрына чейин** кабыл алынат.