> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/11/zhalpy-salmagy-460-kg-zhakyn-deklaratsiialanbagan-tovar-anyktaldy/
- Published: 2026-08-11T13:06:58.000Z
- Updated: 2026-08-11T13:06:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту.**

> Бажы кызматынан маалымдагандай, КЭР жараны башкарган **жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда**, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы **460 кг** жакын 20 товарлардын түрүн табышкан.

Аныкталган жүктүн ичинен 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, автоунаа тетиктери жана башка товарлар бар болгон.

Аныкталган товарлардын **жалпы** чекене **баасы 558 849 сомду** түздү. Аталган факт боюнча материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

> Билдирүүгө караганда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында **мамлекеттик бюджетке** келтирилген зыяндын суммасы эки эселенген өлчөмдө — **257 756 сом өндүрүлдү.**