> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматынын кызматкери мамлекетке 5 млн сомдон ашуун зыян келтирген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/12/bazhy-kyzmatynyn-kyzmatkeri-mamleketke-5-mln-somdon-ashuun-zyian-keltirgen/
- Published: 2026-08-12T04:43:13.000Z
- Updated: 2026-08-12T04:43:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан бажы органдарынын биринин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.**

Иликтөөнүн божомолу боюнча, **2026-жылдын июль айында** бажы кызматынын инспектору **К.у.Т.** үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген товарга бажылык текшерүү жүргүзүү учурунда анын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, бажылык текшерүүнүн актысына товардын билдирилген маалыматтарга шайкештиги тууралуу маалыматтарды киргизген.

> Бажы кызматынын маалыматына ылайык, кылмыш иштин натыйжасында мамлекетке **5 млн 686 миң 218 сом** өлчөмүндө зыян келтирилген.

К.у.Т. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, ага карата соттун чечими менен бөгөт коюу чарасы катары **№1 тергөө абагына** камакка алуу колдонулду.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.