> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда ИДП 11,1% өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/08/14/uluttuk-statistika-komiteti-kyrgyzstanda-idp-11-1-ostu/
- Published: 2026-08-14T08:41:41.000Z
- Updated: 2026-08-14T08:41:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 1 172,7 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдиришти.**

> Билдирүүгө караганда, экономикалык өсүш негизги тармактардын көбүндө байкалды. 2026-жылдын январь-июль айларында **өнөр жайда - 525,3 млрд** сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси **111,2%ды түздү.** 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/image-2.png)

**Өнөр жай** өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу **өсүшү:**

- транспорт каражаттарын өндүрүү – **41,8%**;
- жыгач, кагаз жана полиграфия продукциялары – **37,5%**;
- курулуш материалдарын өндүрүү – **33,6%**;
- фармацевтикалык продукция – **13%**;
- кен байлыктарын казуу – **16,9%**;
- негизги металлдар – **8,5%**;
- тамак-аш жана тамеки өндүрүшү – **2,4%** **өстү**.

> Маалыматка ылайык, **оң тенденция курулуш тармагында** байкалып, анын көлөмү **1,6 эсеге**, дүң жана чекене **соода 4%га**, айыл чарбасы 6%га өстү. 

Көрсөтүлгөн мөөнөткө карата (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) **керектөө бааларынын** жана **тарифтердин өсүшү** жалпы республика боюнча **6,7%га жогорулады**. Анын ичинде:

- азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар – **5,9%**;
- алкоголдук ичимдик жана тамеки – **7,1%**;
- азык-түлүк эмес товарлар – **5,1%**;
- калкка көрсөтүлгөн кызматтар – **10,1%** кымбаттады.

Ал эми өлкө ичиндеги баалардын **эң жогорку өсүшү Ош облусунда** – **14,9%** болду.

> Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын товарлар боюнча **тышкы** жана **өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд** долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4%га өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода **3 млрд долларды** түзүп, 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу **0,1%га төмөндөгөн**.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/image-3.png)