> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Корея менен өнөр жай кызматташтыгын күчөтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/14/kyrgyzstan-koreia-menen-onor-zhai-kyzmattashtygyn-kuchotot/
- Published: 2026-09-14T05:45:18.000Z
- Updated: 2026-09-14T05:45:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Борбордук Азия – Корея Республикасы" форматындагы өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка караганда, жыйында тараптар өнөр жай кооперациясы, өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки затты терең кайра иштетүү, индустриалдык парктарды өнүктүрүү, транспорт жана логистика багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты. 

Министр Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында белгиленген өнөр жай, инвестициялык жана инфраструктуралык потенциалы тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында Корея Республикасы менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/f6a6e52b-f8ca-47a1-a9a5-eef263c961a7.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/7c119e32-bc5c-433a-900a-e6d2d1c513d3.jpeg)