> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/16/manasta-2-mln-dollarlyk-etti-kaira-ishtetuuchu-kompleks-kurulat/
- Published: 2026-09-16T12:00:11.000Z
- Updated: 2026-09-16T12:00:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду.**

Долбоордун жалпы наркы **2 млн** долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу **900 миң $** каржылайт. Каражат жаңы өндүрүштү ишке киргизүүгө жана долбоорду ишке ашырууга жумшалат.

> Мекеменин маалыматына ылайык, ишкана ишке киргенден кийин Кыргызстандын этти кайра иштетүү рыногунун **10%га** чейинки бөлүгүн ээлөөнү көздөйт. Алгач продукция **ички рынокко багытталат**.

Өндүрүш ишке киргенден кийин 2 жылдан соң продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоо пландалууда. Комплекс тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык талаптарга, анын ичинде **HACCP** жана **ISO стандарттарына** ылайык иштейт.

Ишкананы **2026-жылы** ишке киргизүү пландалууда. Долбоордун алкагында **200гө чейин жаңы жумуш орду** түзүлөрү күтүлүүдө.

> РКӨФ башкармалыгынын төрагасы **Артем Новиковдун айтымында**, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.