> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мектепте иштебегендер - мыйзамсыз айлык алып келгени аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/16/mektepte-ishtebegender-myizamsyz-ailyk-alyp-kelgeni-anyktaldy/
- Published: 2026-09-16T06:30:49.000Z
- Updated: 2026-09-16T06:30:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Сай айылындагы И.Байбеков атындагы орто мектепте иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Маалыматка ылайык, аталган мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерип турушкан. Натыйжада мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**