> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда экономикалык өсүш 11% түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/17/kyrgyzstanda-ekonomikalyk-osush-11-tuzdu/
- Published: 2026-09-17T07:00:37.000Z
- Updated: 2026-09-17T07:00:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 396,8 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүш 11% болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, экономиканын бардык тармактарында оң динамика катталды. Негизги өсүш курулушта - 61%, өнөр жайда - 8,8%, айыл чарбасында - 6,4% жана кызмат көрсөтүү тармагында - 6,5% болду.

Курулуш тармагында негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү **281,8 млрд сомго** жетип, **62,1% өстү**. Ал эми курулуштун дүң продукциясы **300,5 млрд сомду** түздү.

Өнөр жай ишканалары 8 айда **600,8 млрд сомдук** продукция өндүрдү. Айрым тармактарда, анын ичинде химиялык продукция, тазаланган мунай, транспорт каражаттары жана курулуш материалдарын өндүрүүдө олуттуу өсүш катталган.

Айыл чарбасында дүң продукциянын көлөмү **298,3 млрд сомду** түзүп, **6,4% көбөйдү**. Өсүмдүк өстүрүү **10%**, мал чарбачылыгы **4%** өскөн.

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү **1 076,5 млрд сомго** жетип, **6,5%** өстү. Соода жана автоунааларды оңдоо кызматтары **349,4 млрд сомду** түзүп, **8,4%** көбөйдү.

Ошол эле учурда инфляциялык басым сакталууда. Январь-августта керектөө баалары **7,6%**, ал эми орточо жылдык инфляция **10,9%** өстү. Азык-түлүк баалары **6,4%**, азык-түлүк эмес товарлар **6,1%**, акы төлөнүүчү кызматтар **11,4%** кымбаттаган.

Эмгек акы да өскөн. Январь-июль айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы **54 864 сомду** түзүп, **28,5%** көбөйгөн. Реалдуу эмгек акынын өсүшү **15,9%** болду.

Тышкы соода жүгүртүү январь-июль айларында **10 млрд долларды** түзүп, **7,7%** өстү. Анын ичинен экспорт **1,7 млрд доллар**, импорт **8,3 млрд доллар** болду.