> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР УКМК: ЖӨБ органдарынын кызмат адамдары тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/09/18/kr-ukmk-zhob-organdarynyn-kyzmat-adamdary-tarabynan-anyktalgan-myizam-buzuular-zhonundo/
- Published: 2026-09-18T05:55:31.000Z
- Updated: 2026-09-18T05:55:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**УКМК Нарын облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын жана муниципалдык кызматтардын кызмат адамдары тарабынан жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо каржылык мыйзам бузууларга жол берилген фактыны аныктады.**

> Билдирүүгө караганда, КРнын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жергиликтүү калктан жыл сайын төлөм алынат. Бирок, жыйналган акча каражаттары толук көлөмдө **жергиликтүү бюджетке түшпөгөндүгү такталды.**

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы тарабынан 27 айыл аймагында жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген финансылык **зыяндын өлчөмү** **36 млн** сомдон ашык болгондугу аныкталды.

Учурда ушуга байланыштуу тиешелүү **тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.** Анын жыйынтыгы боюнча тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилип, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.